super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов укук коргоочу Олег Северинди сотко берет

 

Парламент депутаты Феликс Кулов укук коргоочу Олег Северинди "жалган маалымат таратты" деп айыптап сотко берет. Муну депутат бүгүн, 28-ноябрда фракциянын жыйынында айтты. Анын билдиришинче, 19-ноябрда укук коргоочу ММКларга мектеп окуу китептерин басып чыгаруу боюнча тендерлер мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтыптыр. “Северин мени күнөөлөп жатат, “Куловдун айланасындагы адамдар окуу китептерин даярдоого тоскоолдук кылып жатат” деп. Бул жакка каржы министри Ольга Лаврованы жана Билим берүү жана илим министрлигин кошуп жазыптыр. Мен бул боюнча билбейм дагы жана менин айланамдагы кишилер аралашкан эмес. Эгерде укук коргоочунун айткандары такталбаса, мен прокуратурадан анын үстүнөн жалган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш ишин козгоону суранам”, - деди Кулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: