super.kg logo

Операция учурунда светсиз калган Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборуна казакстандык ишкерлер генератор белек кылышты

 

Светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасалган Түштүк аймактык  жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча илимий борборго генератор белек кылышты. Мындай кайрымдуулук акциясынын координатору болуп Адилет Саткеев чыккан, ал эми анын акчасын казакстандык ишкерлер каржылашты. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына профессор Калдарбек Абдраманов билдирди.  

“Биздин оорукана мамлекеттик мекеме болгондон кийин генераторду жергиликтүү бийлик алып бериши керек болчу. Акыркы эки жылдан бери жергиликтүү бийликке "генератор коюп бергиле" деп 18 жолу кат жаздым, андан майнап чыккан жок. Ал эми операция учурунда светсиз калганыбыз коомчулукка тарагандан кийин Адилет аттуу жигит бизге кайрылып, генератор алып беришерин убадалаган болчу. Эми минтип жарым тонналык, 50 киловаттык генератор белек кылып жатышат. Анын Бишкектен бүгүн жеткирилип берилери күтүлүүдө. Анын жардамы менен биздин борбордун операция жасоочу жана жандандыруу бөлүмү ар дайым жарык менен камсыздалат”,- дейт К.Абдраманов.

Буга чейин билдиргенибиздей, кол чырактын жарыгында операция жасаган профессор жакында эле өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси болуп дайындалган. Ал эми кечээ, 27-ноябрда Калдарбек Абдраманов өзүнүн туулган күнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинен аталган окуяны элге жайылтып, талкууга алынганы үчүн сөгүш алганы маалым болду.

“Мындай окуялар болгондо жетекчилер башкы дарыгерлерди такалап калышат. А бирок алар эмне кыла алмак эле? Ошол эле генераторду башкы дарыгер эмес, жергиликтүү бийлик камсыздашы керек болчу. Бирок сөгүштү башкы дарыгерлер угууда. Ал окуядан кийин 2 ай өттү, электр жарыгы эмнеге өчкөнүнө же ооруканабызда кандай көйгөйлөр бар экенине эч кимиси кызыкдар болгон жок”,- деп кошумчалайт К.Абдраманов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
28.11.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят уят ушуну мамлекет озу эле алып берсе болмок. Же озубуздун ишкерлер ЖКда олтурган. Казак туугандарга рахмат!
28.11.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казакстанда иштеген Кыргыз ишкерлериби?
28.11.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bossmos7, казактаааар деп турат го. Окуп туруп деле сурай берет экенсинер да )
Рахмат, кайрымдуулукка!
28.11.2014. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз эмне барган сайын тилемчи болуп калабызго,ХХХХ чиновниктер оздорун гана ойлошот уят уят ошондой мекемеге бир генератор коюп бере албаган бийлике.
Модератор admin_superstan түзөттү 28.11.2014 12:52
28.11.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myrza80, этика нормаларын сактаңыз.
28.11.2014. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УУУЯТ бийликтегилерге.
28.11.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы убакта ушул жанылыктарды окугум деле келбей калды эмнени караба башка олкодон карыз алдык бир нерсени белек кылды деген создор мынанча жардам бере турган болду дешет. Чиновниктер атала менен баккан букага окшоп эле семирип жатат.
28.11.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал шылдындаганы да
28.11.2014. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сага жашасын биздин бийлик!светтин очконуно карабай операцияны ийгиликтуу жасаса да согуш жарыялайт!!! Ак уйунон да кок уйунун да эч жакшылык кутпой калдыго эл !!!
28.11.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле
29.11.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят эле бийликтегилерге генераторду казакстан алып бериптир
01.12.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хирург азамат! Данк! Мактанды деп айткандарга атаарым зато эл учун бейтапкананы генаратор менен кмсыз кылды
01.12.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maksb86, провокациядан алыс болуңуз! Эскертүү!
murgab2014, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: