super.kg logo

Юстиция министри: "Коррупция менен күрөшүүдө бардык тармактар биригиши керек"

 

"Коррупция менен күрөшүүдө бардык тармактар биригиши керек". Мындай пикирин бүгүн, 28-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 

"Советтер Союзу жоюлган соң коомдун баалуулуктары өзгөрдү. Системдик кризис бардык тармактарды басып алган. Мындан улам чиновниктерге пара алууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мамлекеттик мекемелерде коррупциянын деңгээли бир кыйла жогорулаган. Бийлик тарабынан жарыяланган коррупция менен күрөшүү ишке ашпай келген. Өз кызыкчылыгын коргоо бул көйгөй менен күрөшүүгө тоскоолдук болгон. Ошентип убакытты өткөрүп жибергенбиз. Эми коррупция менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу керек. Учурда бийликтин бардык тармактарында пара алууга каршы күрөшүү ийгиликтүү өтүп жаткандыгын байкап жатабыз. Бир гана мыйзамдар менен коррупцияны жоюу мүмкүн эмес",- деди Шыкмаматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: