Ошто илимге кызыккан жаштардын башын бириктирген аймактык студенттик илимий конференция өттү










Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын 75 жылдык мааракесине карата “Илим жана жаштар – жаңы идеялар жана жыйынтыктар” аттуу аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, конференцияга Ош мамлекеттик университетинен, Ош техникалык университетинен, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинен, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен жана Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 300дөн ашуун студент катышты. Илимдин бир нече багыты боюнча иш алып барган 4 секцияда алдынкы 75 студенттин баяндамалары жасалып, мыкты деп табылган баяндамалар үчүн дипломдор ыйгарылды. Бул илимий иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, алардын бардык багыттагы байланыштарын жандандырууга өбөлгө түздү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
faha

28.11.2014. 11:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Osh tehnikalyk universiteti barby oshto?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.