super.kg logo

Мамлекеттик салык кызматы салыктарды төлөбөгөн 15 компанияны аныктады

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз финансы жана салык пайдасын алуу максатында салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү жашыруу менен байланышкан салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлору бар 15 компанияны аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

"2014-жылдын июнь айында Мамлекеттик салык кызматы салыктарды төлөбөө тобокелдиктери бар 80 компаниянын тизмесин жарыялаган. Тобокелдиктер салык органдары тарабынан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда аныкталган эле. Андан мурдараак, ушул жылдын апрель айында МСКнын башчысы Замирбек Осмонов аймактык салык органдарынын жетекчилеринен бир күндүк фирмаларга каршы келишүүсүз күрөшүүнү талап кылганын эске салабыз" деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы тарабынан туруктуу негизде салыктарды төлөбөөнүн өтө чоң тобокелдиктери бар тармактар боюнча тыкыр талдоолор жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетмекчибиз. Алардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимдери кабыл алынат. Ал эми жалган ишмердик менен алектенүү белгилери бар субъекттердин бардык иштерине кылдат талдоолор жүргүзүлүп, жыйынтык материалдары тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жиберилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: