Казакстандан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 10 айда 4,4 пайызга өскөнү айтылды
2014-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 35,4 пайызга азайды. Муну Улуттук статистика комитетинен 27-ноябрда билдиришти. Маалыматка таянсак, 2014-жылдын биринчи кварталында КМШга мүчө эмес өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 34,6 пайызга азайды. Кытайдан келген инвестициянын көлөмү 2,3 эсе, Канададан келген инвестиция 1,8 эсеге түшүп кеткени айтылды.
2014-жылдын 9 айында КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге төмөндөдү. Орусиядан келген инвестиция 3,5 эсе кыскарса, Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 4,4 пайызга өскөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

