Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын ноябрдагы рейтингинде 209 мамлекеттин ичинен 153-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын ноябрь айына карата жаңыланган рейтингинде 209 мамлекеттин ичинен 153-орунду ээледи. ФИФАнын расмий сайты кабарлагандай, өткөн айдагы рейтингде Кыргызстан 150-орунда жайгашкан эле.
Дүйнөлүк рейтингде алдынкы 3-орунду Германия, Аргентина жана Колумбия курамалары ээлеп келишүүдө. Азиянын футбол конфедерациясынын алдындагы 46 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 27-орунду ээлеп турат. Алдынкы үчтүктө Япония, Иран жана Түштүк Корея бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.