Украина: Арсений Яценюк кайрадан премьер-министр болуп шайланды
Сүрөттө оңдон солго Спикер Владимир Гройсман, ортодогу президент Пётр Порошенко жана солдон оңго премьер Арсений Яценюк


Сүрөттө оңдон солго Спикер Владимир Гройсман, ортодогу президент Пётр Порошенко жана солдон оңго премьер Арсений Яценюк






Украинада жакында өткөн шайлоодон кийин алгачкы жыйынга чогулган Жогорку Раданын депутаттары 27-ноябрда парламентте ант беришти. Чет элдик маалымат булактары билдиргендей, аземден кийин депутаттар Арсений Яценюкту Украинанын премьер-министри кылып дагы бир ирет бекитишти. Парламенттин спикери болуп Владимир Гройсман шайланды.
Президент Пётр Порошенконун партиясы коалициялык көпчүлүктү түзүү укугун алып, жаңы коалиция түздү. Ага “Пётр Порошенконун блогу”, "Элдик фронт”, “Өз ара көмөктөшүү”, "Радикалдык партия” жана “Батькившина” кирди.
Айрым депутаттардын ант берүү аземине аскердик форма менен келгени социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

