super.kg logo

Ош. Орус тилинде билим берген класстарды ачуу аракеттери жылдан-жылга арбып баратат

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз экендигине байланыштуу аталган башкармалык адис менен камсыз кылуу максатында тийиштүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Буга чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлигине, ОшМУнун жана ОГПИнин жетекчилерине кайрылуулар жолдонгон. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн алдынкы мектептерде башталгыч класстар жетишпей келгендиги айтылып жүрөт. Ошондой болсо да окуучунун саны көбөйүп, орус тилинде билим берген класстарды ачуунун аракеттери жылдан-жылга арбып бара жатат. Себеби балдарын орус тилдүү мектепке окутууну каалаган ата-энелер абдан көп. Учурда шаарда окутуу орус тилинде жүргөн мектептердин саны 8 болсо, окуучулардын саны - 12 934. Ал эми окутуу кыргыз тилинде болгон мектептердин саны - 13 (анда 7271 окуучу билим алат). Кыргыз-орус тилинде 9, өзбек-орус тилинде 19 жана өзбек тилинде окуткан 2 мектеп бар.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.11.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилди жетим баладай огойлоп орус озбек мектептерди ача бергилечи дагы 20жылдан сон эмне болот экен? Ташты сыгып тарыхты токкум келди, Оз тилимди туу тутуп откум келди. Эне тилди ээсирип чангандарды, Эне тилде ашатып соккум келди. Улутчул дейт билбеген, Улутун кимдер суйбогон.Кыргыз деп келип дуйного, Кыргыз деп отом дуйнодон!
29.11.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз жерибизде жашап жатып, озубуздун эмес , озгонун тилинде окусак, Кыргызстан экенибиздин далили кайсы???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: