Жоомарт Оторбаев иш сапары менен Москвага барат
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев иш сапары менен Москвага барат. Өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министр 1-декабрда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуу өткөрүп, экономика, энергетика, өндүрүш жана башка маселелерди талкуулайт. 2-декабрда өкмөт башчы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өтүүчү кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйынына катышмакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

