Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 28-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык комиссиясынын бажы боюнча кызматташуу коллегиясынын мүчөсү Владимир Гошин баштаган комиссиянын өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулуусу боюнча жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Мамлекет башчыга Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бажы пункттарын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер, мамлекеттик органдардын Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын интеграция процесстерине катышууга даярдык көрүү боюнча өз ара аракеттенишүүсү тууралуу маалымат берилди.
"Алмазбек Атамбаев Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге натыйжалуу катышышы үчүн жол картасынын бардык иштерин өз убагында бүтүрүү керектигин белгиледи. Өлкө башчы Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматына Евразия экономикалык комиссиясы менен бирге өлкөнүн бажы инфраструктурасын жакшыртуу иштерин сапаттуу иш жүргүзүү милдетин жүктөдү",- деп билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

