"Мелис Мырзакматов азыр кайда экенин билбейм" дейт экс-мэрдин мурунку жардамчысы
"Мелис Мырзакматов учурда кайда экенин билбейм",- деп билдирди SUPER.KG порталына Мырзакматовдун мурунку жардамчысы Салкын Ташбаев. Айтымында, экс-мэр менен байланышпаганына көп болду. "Ал кишинин өлкөдө же өлкөдөн тышкары экенин билбейм. Көптөн бери өзүмдүн жеке иштерим менен гана алектенип жүрөм",- деди Ташбаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Башкы прокуратура Мелис Мырзакматовго издөө жарыяланганын билдирди. Ош шаарынын мурунку башчысы "шаардагы эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. Тактап айтканда, "бюджеттин абалына карабай туруп, кымбат баалуу курулушту баштоо үчүн кол алдындагыларга буйрук берди" деген күнөө тагылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

