super.kg logo

Ошто тажрыйбалуу окутуучулар жаш мугалимдерге сабак учурунда түрдүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун көрсөтүп беришти

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчылары үчүн “Мектеп администрациясынын жаш мугалимдер менен иштешүүсү” аттуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда мектепте жаңыдан иштеп баштаган жаш мугалимдерге сабак өтүп жатканда туш болгон түрдүү кырдаалдардан чыгуунун жолдорун тажрыйбалуу педагогдор окуучуларга ачык сабактарды өтүү менен көрсөтүп, түшүндүрүп беришти. Кошумча ата-энелер менен иштешүү, ата-энелер чогулушун кантип уюштуруу керектигин айтышты. Учурда Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдеринин саны 448 болсо, анын жарымын жаш мугалимдер түзөт.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: