super.kg logo

Мекендеш: "11 жыл бою дайынсыз кеткен кыргызстандык Бурятияда селсаяктар менен жүрөт, Кыргызстанга кетейин деген ою жок"

 

"11 жыл бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык Муса Маматов Бурятияда селсаяктар менен тентип жүрүптүр, Кыргызстанга кетейин деген ою жок",- деди бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов.

Анын айтымында, М.Маматов психологиялык жактан жабыркап, ичип жүргөн орустар менен жүрөт. "Бүгүн аны аялы менен сүйлөштүрдүк. Аялынын айтымында, күйөөсүнүн келейин деген ою жок. Сөгүп кирди дейт. Апасын деле сурабаптыр. Бир гана экинчи аялынан төрөлгөн кызын сураган. Экинчи аялы камалып кетип, ымыркай кызын багып жүрчү экен. Ал түрмөдөн чыкканда кызын алып кетиптир. Биринчи аялы операция болуп, ооруканада жатканын, II топтогу майып экенин айтты. Күйөөсүн мекенине чакырса, "кызымды тапмайынча мага чалба" дептир",- деп билдирди Абжамилов.

Мындан тышкары ал М.Маматов жакында токойго жумушка кетип жаткандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-ноябрда Бурятиядагы кыргызстандык жаран Алымбек Абжамилов мекендешибиздин туугандарын табууга жардам сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
28.11.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
начар киши экен. 50 жашка толоюн дептир
28.11.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нормальный адам селсаяктар менен жүрбөйт да. Каерде болсо башы аман болсун!
28.11.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иий кудай эми келет экен деп суйунуп жатса
bema_bema түзөттү 28.11.2014 19:13
29.11.2014. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы начар го
29.11.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУ да психикалык жактан оорубайбы?!
30.11.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунуксуз болуп калды го кызы каякта журот анысын издетип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: