Германия парламентинин депутаттары 2015-жылы жайында Кыргызстанга келишет
Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль Германиядагы иш сапарында Германия парламентиндеги борбор азиялык топтун жетекчиси Манфред Грунд менен жолугушту. Германияда парламенттик башкаруунун туруктуу формасы орун алганын, бул багытта Кыргызстандын кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгынын кеңейишине кызыкдар экенин билдирди Диль.
Манфред Грунд белгилегендей, Кыргызстан Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик өлкө болуп эсептелет жана германиялык тарап парламенттер аралык кызматташууга колдоо көрсөтүүгө даяр.
Грунд 2015-жылдын жайында Бундестагдагы топ мүчөлөрү Кыргызстанга иш сапары менен барууну пландап жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

