super.kg logo

Бишкек мэриясы: Басып алынган жерлерди алып-сатуу күчөдү

 
Бишкектин аймагынан басып алынган жер тилкелерин алып-сатуу менен алектенген жарандардын саны күн сайын өсүүдө. Мэриянын маалыматына таянсак, Алтын-Казык конушундагы таштанды төгүлүүчү аймактын жерлерин алып-сатуу уланууда. Бишкек шаардык Жеке турак жай куруу департаменти аталган конуштун тургундарына өз алдынча басып алынган жерлерди сатып алуу жана кандайдыр бир курулуш баштоо мыйзамсыз экенин түшүндүрүүгө аракет кылып жатканы менен көрүнүш токтобой жатканы айтылууда. Департамент 11-ноябрда конуштагы курулуштар мыйзамсыз экенин, аймактан жер сатуу же сатып алууга болбой турганын эскерткен тактай орноткон. Бирок көп өтпөй аны бирөөлөр уурдап кетишкени кабарланды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: