Жоомарт Оторбаев Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүн кабыл алып, Бажы союзу тууралуу сүйлөштү
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 28-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы боюнча кызматташуу коллегиясынын мүчөсү Владимир Гошин баштаган комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Оторбаев Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши боюнча колдоо көрсөтүп жатканы үчүн комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. Тараптар өлкөнүн аталган уюмдарга кошулушуна тийиштүү келишимдерди ишке ашыруу процесси, Бажы союзуна киргенден кийинки мамлекеттик чек арадагы кырдаал жана башка орчундуу делген маселелер талкууланганын өкмөттөн билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

