super.kg logo
  Саясат  

КМШнын депутаттары 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого байкоо жүргүзүүгө даярдануу жөнүндө токтом кабыл алды

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңеши 2015-жылы КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик органдарга шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков демократиялык, таза шайлоолор тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизи экенин белгилөө менен азыркы тапта Кыргызстанда шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди атады. “Шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизүүгө багыт алынды. Кыргызстанда калктын биометрикалык маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүү активдүү жүрүп жатат. Дүйнөлүк тажрыйба калкты биометрикалык каттоого алуу системин киргизүү шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун сапаттуу түрдө жогорулатып жатканын көрсөтүүдө. Жалпылап айтканда, фальсификация мүмкүндүгүн, экинчи ирет шайлоого кирүү практикасын колдонууну жана башка терс элементтердин келип чыгышын азайтууга алып келет”,- дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Борбордук шайлоо комиссиясын жана анын аймактык бөлүмдөрүн акыркы технологиялык жетишкендиктер - шайлоо күнү шайлоо системине Кыргызстан жарандарынын биометрикалык маалыматтар базасын туташтыруу, электрондук эсептөө үкөктөрүн орнотуу, салынган бюллетендердин санын аныктоочу жана автоматтык түрдө чыгаруучу аппараттар менен жабдуу тууралуу маселелер каралып жатканын маалымдады. “Биз көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында адилет, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз”,- дейт спикер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: