super.kg logo
  Саясат  

Роза Акназарова мамлекеттик органдардын жарандардын кайрылуусуна 14 күндүн ичинде жооп беришин колдойт

 

Мамлекеттик органдардын өз убагында жана ачык маалымат берүүсү - саясий стабилдүүлүктүн бир бутагы. Муну парламент депутаты Роза Акназарова 28-ноябрда жарандардын кайрылуусуна жооп берүү мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору боюнча өткөн коомдук талкууда билдирди. "Кыргызстандын Конституциясында ар бир жаран маалыматты эркин издөөгө, алууга жана пайдаланууга укуктуу экени кепилденген. Сунушталган мыйзам долбоору жарандар менен бийлик органдарынын мамилесин жакшыртуучу инструмент",- деди депутат.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов көпчүлүк мамлекеттик органдардын коомчулук менен байланыш бөлүмдөрү жетиштүү каржыланбай турганын айтып: "Жарандар менен эффективдүү карым-катышта болуу үчүн жок дегенде минималдык түрдө шарт түзүлүшү керек",- деп билдирди.

Айта кетсек, өлкөдө жарандардын кайрылууларына мамлекеттик кызматкерлердин жооп берүү мөөнөтүн 1 айдан 14 күнгө кыскартуу сунушталууда. Айрымдар буга каршы чыгышууда. Алар "кайрылууга толук кандуу жана сапаттуу жооп берүү үчүн 14 күндүк мөөнөт аз" деген жүйөнү карманып жатышат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: