super.kg logo

Кара-Кулжа районунда кардын калыңдыгынан ички чарбалык жолдор жабылды

 

Кара-Кулжа районунда кардын калыңдыгынан ички чарбалык жолдор жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 25-ноябрдан 28-ноябрга чейин катуу жааган кардын кесепетинен 70 сантиметр кар түшүп, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык жол каттамдары жабылган:

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Шаркыратма айылына баруучу 5 чакырым, Жыл-Көл айылына баруучу 2 чакырым ички чарбалык жол;

Чалма айыл аймагына караштуу Буйга айылына баруучу 18 чакырым ички чарбалык жол;

Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көңдүк айылына баруучу 9 чакырым ички чарбалык жол;

Сары-Булак айыл аймагына караштуу Кылоожун айылына баруучу 3 чакырым, Кызыл-Булак айылына баруучу 5 чакырым, Терек-Саз айылына баруучу 6 чакырым, Конокбай-Талаа айылына баруучу 4 чакырым ички чарбалык  жолдор жабылган.

Ошондой эле Көңдүк жана Буйга айылдарында электр зымдары үзүлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.11.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айыл жабылбаптырбы? Карабаргы
29.11.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чалма айылына да кар коп жаап,Эшей туугандар Караган тектир,Ой алма,Капка таш,Секиртме,Уч чат жолдорун кол курок менен куроп ачып келишти.Жакшы эмгек жасагандар Токон,Нурбай,Бегалы,Кенжебек,Салимкул,Сатимкулдарга алкыш айтабыз.
29.11.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danyshman, силерде кар ошончолук эле коп жаадыбы,жылда эле ушинтип жаайбы?
29.11.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76, жоок жылда жаабайт эле,1969 жылы бир жааган экен анан быйыл жаады да.Кар кооп жааса нан коп болот деп суйунуп олтурабыз.Кар коп жаап таможный союзга кирбей калсак экен.
30.11.2014. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чалма айылым кыштан аман чыгалы кыш женил болсунчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: