super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын жаңы Аба кодекси иштелип чыгууда

 
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 28-ноябрда Кыргызстандын жаңы Аба кодексинин долбоорун иштеп чыгуучу компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда "Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгелер" долбоорунун директору Карен Вестергаард, жарандык авиация боюнча программанын менеджери Айбарча Бекова да катышты. 
"Кыргызстандын жаңы Аба кодексин иштеп чыгуу тийиштүү органдар менен макулдашылып, каражат бөлүнгөн. Жаңы кодексти иштеп чыгуунун максаты - Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонуунун укуктук негизин түзүү коопсуз учууларды камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын жарандарынын талабын аткаруу",- деп билдирет министрлик.   
Жаңы долбоор боюнча жакын арада коомдук угуу өтөрү айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: