Бүгүн кечинде Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо иши башталат
Бүгүн, 1-декабрда Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясы импорттолуп баштайт. Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Министрдин айтымында, электр энергиясын импорттоо иши саат 17:00дө башталат. Декабрь айында коңшу өлкөдөн 200 миллион киловатт-саат электр кубатын импорттоо пландалууда (баасы 5 сом 61 тыйындан).
Айта кетсек, Кыргызстан быйылкы сезондо Казакстандан 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттогону жатат. Кыргызстан өзү быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

