super.kg logo

Коргоо министри Аскер лицейинин абалы менен таанышып, жаңы курулган футбол аянтчасын ачуу аземине катышты (фото)

 
Бүгүн коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде болгон оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.
Министрдин иш сапары жаңы оңдолгон ашканадан башталды. Анын жүрүшүндө А.Кудайбердиев курсанттарга сүт азыктары берилерине кызыкты. Буга ал оң жооп алды.
Жаңы оңдолгон ашкана
Министр Абибилла Кудайбердиев ашпозчуга: "Курсанттарга өз балаңыздай мамиле кылыңыз",- деди.
Андан соң министр курсанттар менен жолукту.
Окуу жайдын мыкты курсанттары

Бүгүн, 1-декабрда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде болгон оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышып чыкты. Иш сапарынын алкагында ал кичи футбол аянтчасын ачуу аземине да катышты.

Министрдин айтымында, бардык оңдоо иштерине 12 миллион сом бөлүнгөн. "Бул окуу жайдын абалы начар эле. Жакшы оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес болчу. Акыркы мезгилде армиянын өнүгүшүнө президент тарабынан жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Аскер лицейинде окуган курсанттар үчүн жаңы эмерек сатылып алынып, ашканада оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары жаңы кичи футбол аянтчасы курулду. Мунун баары Коргоо министрлигинин акча каражатына ишке ашты. Бул иш аскер тармагын өнүктүрүүнүн биринчи этабы",- деди Кудайбердиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
01.12.2014. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына бул жакшы жоролго.
01.12.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азамат министр. сыйлайм
01.12.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Баягы эле показуха ..
01.12.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай нерсе жон гана корунуш да чондор келгенде суттон ак болуп корунушо калышат башка кундору акыбалына маймылдар ыйлай турган болот мен армиянын турмушун жакшы билем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: