super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууга багытталган жаңы мыйзам долбоору сунушталууда

 
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдө мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну максат кылган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, мыйзамсыз курулган үйлөрдүн саны көбөйүп кетти. “1990-жылдан бери бир канча айылдарда мыйзамсыз курулган үйлөр бар. Бир дагы үйдүн Кызыл китеби жок айылдар бар. Бишкектин тегерегинде үй курууга жер калган жок. Маалыматтарга караганда, Бишкекте 6 миң, Ош шаарында 1 миң мыйзамсыз курулган үй бар экен”,- деди Текебаев. 
Комитет мүчөлөрү жер басып алууну кантип токтотсо болорун сурашты. Текебаев мындан ары жерди мыйзамсыз басып алууга аракет кылгандарды камаш керектигин айтты. “Өз элиңе каршы чыгып, согуша албайсың. Биз жер басып алууну азыр токтотпосок, кийин токтотуу мүмкүн болбой калат. Өкмөт бул боюнча план түзүп, аны ишке ашырышы керек", - дейт депутат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: