super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште кош жарандыгы бар кыргызстандыктардын маселеси талашка түштү

 

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийин мамлекеттик кызматтарга орношуусуна шарт түзгөн мыйзам долбооруна ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов каршы. Бул тууралуу пикирин Асанов парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 1-декабрдагы жыйынында билдирди. Асанов аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Өмүрбек Текебаевден кош жарандыгы бар мигранттар кайсы кызматтарда иштөөсүнө болбой турганын сурады. Текебаев укук коргоо органдарына, прокуратурага, аскер кызматына жана депутат боло албай турганын айтты.

“Кош жарандыгы бар мигранттар ишке орношуп, кийин кылмыш жасап, өлкөдөн качып кетсе, биз кайра аны алып келе албайбыз. Ошон үчүн мыйзам долбоору боюнча биздин каршы пикирибиз бар”,- деди Асанов. 

Мындан кийин Текебаев: “Кайтарып келишиңер керек, бул силердин милдетиңер. Эгер минтсек, келгиле анда, чет элдик жарандардын Кыргызстанга киришине биротоло тыюу салалы”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: