Ош. Завод жылына 78 миң даана кир жуугуч машина чыгарып, экспорттоону пландоодо
"Заводдун ишке кириши менен айына 35,5 миллион сом же жылына 426 миллион сомдук товардык продукция чыгарууга өндүрүштүк кубаттуулугу мүмкүндүк берет. Чыгарылган кир жуугуч машиналардын 80 пайызы экспортко багытталып, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аталган ишкана кир жуучу машиналарды жана 2015-жылдан тартып муздаткычтарды чыгарууга багытталган",- деп белгилешти шаардык мэриядан.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Примов, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу У Инцинь, заводдун жамааты жана шаар тургундары катышышты. Эске салсак, “Жим-Мей” заводун ишке киргизүүгө жалпысынан 5 миллион доллар сарпталган.
1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















