super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: 2015-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөй калышы мүмкүн

 

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 1-декабрдагы жыйынында депутаттар мугалимдердин эмгек акысы тууралуу маселе көтөрүштү. Аймактарда айлыктын аздыгынан мугалимдер арасында нааразычылыктар күчөп жатканын айтышты. Каржы министри Ольга Лаврова кошумча каражат табылбаса, мугалимдердин маяналары азыркыдай бойдон каларын билдирди. “Кошумча каражат табууну пландап жатабыз. Эгерде табылбаса, азыркы алып жаткан айлыктары менен гана калышат”,- деди Лаврова. 

Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздар уюмунун өкүлү мугалимдер айлыктын аздыгына карабай иштөөгө аракеттенип жатканын кошумчалады. “Мугалимдердин айлыктары орточо эсеп менен 5 миң сом. Азыр тажрыйбалуу мугалимдердин да, жаш мугалимдердин да айлыктары көтөрүлбөй турат. Алар иш таштоо алдында турушат. Эгер иш таштоого чыгышса, эртең мугалимдер калбай калат. Ошон үчүн, депутаттар, өкмөттөн мугалимдердин айлыктарын көтөрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткарууну ишке ашырып берүүңүздөрдү суранабыз”,- деди ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: