Эльвира Сариева Жогорку Кеңеште аялдардын саны жалпы депутаттардын 30 пайызына жетпегенине нааразы
Бүгүн, 1-декабрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Гендердик өнүгүү боюнча кеңештин отурумунда Жогорку Кеңеште аялдардын саны жалпы депутаттардын 30 пайызына жетпей жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. "Парламентте аялдардын квотасы 20 пайыздан бир аз жогору. Өкмөттүн курамында 2 гана аял бар. Шайлоо өткөн сайын жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны азаюуда. Аялдардын бийлик тармагына келишине жардам берчү жаңы мыйзамдарды караштыруу жана колдоо керек",- деди вице-премьер.
Отурумдун жыйынтыгында катышуучулар Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге тиешелүү сунуштарды жолдоо боюнча чечим кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

