super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Орусия менен мамилени мындан да күчөтүү зарыл экенин айтты

 
Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 1-декабрда Москвага иш сапары менен барды. Оторбаев Орусиянын Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушуп, кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жаатында пикир алышканын өкмөттөн билдиришти. "Эки өлкө ортосундагы мамиле туруктуу өнүгүүдө. Орусия Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөшү, өткөн жылы товар айландыруунун көлөмү боюнча алдынкы орунду ээледи. Бирок буга карабай соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарыл",- деди Оторбаев. 
Матвиенко Кыргызстандын Бажы союзуна киришин колдоого аларын билдирди. "Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси - олуттуу, эки тарапка тең пайдалуу жана узак мөөнөттүү. Биз алаканы бардык тармактар боюнча, мунун ичинде парламенттер аралык кызматташууну өстүрүшүбүз кажет",- деди Орусия депутаты. 
Алдыда Жоомарт Оторбаевдин Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: