Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү



Бүгүн, 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы “Ош” жана “Амир-Темир” жаштар борборлорунун ыктыярчылары менен биргеликте Ош шаарында акция өткөрдү.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, акция Ош шаарындагы эл көп чогулган жерлерде уюштурулуп, шаар тургундарына СПИД илдети боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Акциянын алкагында СПИД боюнча маалымат камтылган 2000ден ашуун баракча таратылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.