Эсептөө палатасы Каржы министрлигине 2013-жылдын бюджети боюнча эскертүү берди
Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 1-декабрдагы жыйынында Каржы министрлигинин 2013-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётун карап жатканда Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова Каржы министрлигине эскертүү берди. Ибраимованын айтымында, аталган министрлик Социалдык фонддогу мүчөлүк акы төлөө жана кызмат көрсөтүү боюнча каржылык эмес активдерди алуу боюнча каржылоону толук жүргүзгөн эмес.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"2013-жылдын бюджетин аткаруунун жүрүшүндө бир катар беренелер толук каржыланбай калган. Жалпы кирешенин көлөмү 98,8 пайызды түзгөн, мындайча айтканда, 1,6 миллиард сом бюджетке түшпөй калган. Ал эми салыктык киреше пландалгандан 1,4 миллиард сомго азайган",- деди Ибраимова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

