super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү оюнан кайтканын билдирди

 

"Кийинки шайлоого катышып, президент болуу тууралуу такыр оюм жок". Муну президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди. Өлкө башчы Конституцияны өзгөртүү оюнан кайтканын кошумчалады. 

"Ачык айтышыбыз керек, сот реформасын жакшы жүргүзө албай жатабыз. "Конституциянын атасы" делген Өмүрбек Текебаев менен да сүйлөштүм, Конституцияга азырынча тийбей турганыбыз эле жакшы. Сот тармагын ийгиликтүү реформалоонун башка жолун табышыбыз керек. Эми өзүм жөнүндө. Президенттик мөөнөтүмдүн бүтөрүнө 3 жыл калды. Өз жаныңды ойлобой, мамлекет үчүн иштесең, президент болуу абдан оор. Үйгө да бир топ кагаздарды алып барып иштеш керек болот. 6 жыл мага жетишет, мөөнөтүмдү узартайын деген такыр оюм жок",- деди мамлекет башчы.

Эскерте кетсек, жакында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаев сот системин реформалоо үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: