super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведев Бажы союзу, миграция маселесин талкуулашты

 

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1-декабрда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Жолугушууда Оторбаев: "Биз үчүн өлкөнүн Бажы союзуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу боюнча жол картасындагы иш-чараларды ишке ашыруу негизги багыттардын бири болуп саналат. 21 мыйзамдан турган мыйзам долбоорлорунун пакети өкмөттө жактырылгандан кийин өлкө парламентине жиберилди",- деп билдирди. 

Тараптар Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу темада кеңири талкуу жүргүзгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Камбар-Ата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭС каскады, энергетика, транспорт, өндүрүш жана ветеринардык коопсуздук, Орусияда иштеген кыргызстандык жарандардын абалын талкуулашты. 

Өкмөт башчылар эки өлкөнүн министрликтери менен мекемелерине буга чейин жетишилген келишимдерди тездетүү жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмаларын беришти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: