super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Индонезия парламентинен келген делегация менен жолугушту

 
Бүгүн ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген Индонезия мамлекетинин парламент өкүлдөрүнөн турган делегация менен жолугушту. Жолугушууга ЖКнын депутаттары Роза Акназарова, Данияр Тербишалиев, Туратбек Мадылбеков, Надира Нарматова жана Индонезиядан келген бир катар өкүлдөр катышты. Сүйлөшүүдө эки тарап эки өлкө парламенттеринин тегерегиндеги суроолор, соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелер талкууга алынды. “2013-жылы эки өлкөнун дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө 20 жыл толот. Мен бул расмий иш сапары биздин кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөт деп ишенем”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков. Индонезия парламентинин төрагасынын орун басары Мухаммад Анис Матта Кыргызстан азыркы учурда парламенттик демократиянын Индонезия мындан 14 жыл мурун басып өткөн этабында турганын белгиледи. Анис Матта: “Биз Кыргызстанда да демократиялык процесс ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө алып келет”,- деди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: