Өкмөт: Кыргызстанда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга арзандады
Кыргызстанда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизель майынын баасы 1 сомго арзандады. Муну 1-декабрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги маалымдады. "Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүп жатат. "Газпромнефть Азия" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун алкагында АИ-80 жана дизель майы өңдүү мунайзаттын баасынын төмөндөө тенденциясы жүрүүдө. 29-ноябрга карата май куюучу жайларда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизель майынын баасы 1 сомго арзандады",- деп билдирет аталган орган.
Айта кетсек, Бишкекте учурда АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 40 тыйын, АИ-92 49 сом 90 тыйын, АИ-95 53 сом 20 тыйын, дизель майы 42 сом 50 тыйын болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

