Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 1 миллион 81 миң тонна мунайзат импорттолгон

Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 1 миллион 81 миң тонна мунайзат импорттолгон, анын 577 миң тоннасы бензин, 504 миң тоннасы дизель отуну. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жыйынында КРнын Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, күйүүчү май рыногунун сыйымдуулугу 1 миллион тоннаны түзгөндө, ошондой эле декабрь айында ташып келүүнүн божомолун алганда, 2014-жылдын аягында аталган көлөм 15-200 миң тоннадан ашуусу күтүлөт. "Андыктан мунай сатуучулар республиканын отунга болгон керектөөлөрүн кандайдыр бир чектөөлөргө жана тартыштыгына жол бербей, толугу менен канааттандырат",- деди Керимкулов.
"Быйылкы жылдын ноябрь айынын аягына карата күйүүчү май калдыктары 98 миң тоннаны түзөт, анын 64 миң тоннасы бензин, 34 миң тоннасы дизель отуну",- деп кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:01
2025-08-09

9:08
2025-08-09

22:27
2025-08-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.