Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча макулдашууга 23-декабрда кол коюлат
Быйыл 23-декабрда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу боюнча макулдашууга кол коюлат. Муну экономика министри Темир Сариев бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда айтты. Анын айтымында, Кыргызстандын бул биримдикке кошулуу келишиминин долбоору иштелип, даяр турат. “Долбоорду карап чыгуу үчүн 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясына жөнөттүк. Буюрса, ага Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин президенттери кол коюшат. Биз бул боюнча макулдашууга 20 күндөн кийин сөзсүз кол коюлат деп турабыз. Ал эми премьер-министр Жоомарт Оторбаев учурда ушул багыттагы маселелерди талкуулоо үчүн Москвада иш сапары менен жүрөт”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















