super.kg logo

Декабрда күйүүчү майдын арзандашы күтүлөт

 
Декабрда күйүүчү майдын бааларынын акырындык менен төмөндөөсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жыйынында Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, Орусияда мунай өндүрүүчү ишканалардын бааларынын төмөндөөсү байкалат. "Мындан тышкары мунайзаттын баасына дүйнөлүк рыноктогу мунайдын арзандоосу да таасирин тийгизүүдө. Кыргызстанда мунайдын арзандашы жайдын аягында башталган. Ошол эле учурда орусиялык жана Кыргызстандын валюта рынокторунда АКШ долларынын курсунун тынымсыз өсүшү күйүүчү майдын баасына терс таасирин тийгизүүдө. Жылдын башынан бери доллар сомго карата 17 пайызга (8,4 сомго) өскөн, рублга карата 51 пайызга (16,6 рублга) өскөн",- деди Керимкулов.
"30-ноябрдан тарта АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 0,5 сомго, жайкы дизотун 1 сомго, кышкы дизотун түндүктө 3,2 сомго, түштүк аймакта 4,3 сомго арзандаган",- деп толуктады ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: