super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Март айынан баштап Орусиядагы мигранттардан жумушка кирүүгө уруксат кагазы талап кылынбай калышы мүмкүн"

 

“Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын жумушка кирүүгө уруксат берүүчү кагазы жок иштөөсүнө азырынча мүмкүнчүлүк жок”,- деди экономика министри Темир Сариев. Министр бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда айтты. Анын пикиринде, алгач Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, ал төрт мамлекет тарабынан жактырылышы керек.

“Бизде негизги документ - Евразия экономикалык биримдиги боюнча макулдашууга кол коюлат. Андан кийин ар бир мамлекеттин парламенти жактырып, кабыл алышы керек. Ал күчүнө киргенден кийин мигранттарга иштөөгө уруксат кагазы талап кылынбайт. Бул март айларына барып калышы мүмкүн”,- дейт Сариев.  

Министр өкмөт Орусия жана Казакстандан мигранттардын убактылуу каттоосуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүнү суранып жатканын кошумчалады.

“Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерден биздин жарандарга ал мамлекеттерде убактылуу каттоосуз жүрүүгө макулдук сурап жатабыз. Казакстан 30 күн убактылуу каттоосуз жүрүүгө макулдук берди. Орусия убактылуу жобо жок деп жатат”,- деди Сариев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: