super.kg logo

Бишкекте 60 адамга ылайыкталган убактылуу кармоочу жай капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

 
Иш-чаранын жүрүшүндө Мелис Турганбаев Кызыл Крест Эл аралык уюмунун бир нече өкүлүнө ИИМдин төш белгилерин такты.
КРдагы Эл аралык Кызыл Крест уюмунун делегациясынын башчысы Катя Лоренц.
Министрди күтүп үшүгөн журналисттерге М.Турганбаев "биринчи журналисттер кирсин" деген соң, чогулган журналисттердин баары чуркап кире баштаганына министрдин күлкүсү келди.
Убактылуу кармоочу жайдын ичине да, сыртына да видеокөзөмөл орнотулган.
Убактылуу кармоочу жайдын ичине да, сыртына да видеокөзөмөл орнотулган.
Убактылуу кармоочу жайдын ичине да, сыртына да видеокөзөмөл орнотулган.
Убактылуу кармоочу жайдын ичине да, сыртына да видеокөзөмөл орнотулган.
Айрым кармалган жарандардын бейбаштык кылып, укук коргоочуларга баш бербеген учурлары да болот экен. Аталган мекеменин кызматкеринин айтымында, алар ушул отургучка отургузулат.

Бишкекте бүгүн, 2-декабрда Бишкек ШИИББинин короосунда жайгашкан убактылуу кармоочу жай капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Аны оңдоп-түзөөгө 3 миллион сом акча каражаты сарпталды. Убактылуу кармоочу жай 60 адамга ылайыкталган. Белгилүү болгондой, бул жылы Кара-Суу, Кызыл-Кыя жана Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайлар керектүү оңдоо иштеринен өткөн.

Убактылуу кармоочу жайга түшкөн кылмышкерлер да Кыргызстандын жарандары, аларга да тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Мына бүгүн капиталдык оңдоодон кийин ишке кирген убактылуу кармоочу жайда бардык шарттар түзүлгөн. Аталган жайда медициналык жардам көрсөтүүчү атайын бөлүм да бар, алардын айлыгын да Кызыл Крест уюму каржылоодо. Оңдоо иштерине сарпталган каражаттын 2 миллион сомун Кызыл Крест уюму, ал эми 1 миллион сомду ШИИБ каржылады”,- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Ал эми КРдагы Эл аралык Кызыл Крест уюмунун делегациясынын башчысы Катя Лоренц өз сөзүндө: “Биздин негизги максат - өлкө аймагында камакка алынган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле аларга карата жасалган кордук жана зомбулуктун алдын алып, аны азайтуу”,- деди.

Убактылуу кармоочу жайдын ичинде кармалган жарандар үчүн жуунуучу жай да салынган. Министрдин айтымына караганда, аталган жайга түшкөн жарандар кааласа ал жактан жуунуп алышса да болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: