Кыргызстанда быйыл 9 айда 108 470 айдоочулук күбөлүк берилди
Кыргызстанда 2014-жылдын 9 айында жарандарга 108 470 айдоочулук күбөлүк берилди. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, берилген күбөлүктөрдүн 4669у эл аралык үлгүдө. Күбөлүктөр төмөнкү органдар тарабынан берилген:
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу автомектептер 3967 күбөлүк беришкен;
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык окуу жайлар 9333 күбөлүк;
"Республикалык Коргоо спорттук-техникалык уюму" кеңешинин окуу жайлары 20 420 күбөлүк;
"Транспорттук каражаттарды айдоочулар союзуна" караштуу автомектептер 8901 күбөлүк;
Юридикалык жактарга караштуу автомектептер 34 547 күбөлүк;
Өз алдынча даярдануу боюнча 1141 күбөлүк.
Жараксыз абалга келгени, жоголгону, мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жана башка себептер менен 25 492 күбөлүк берилгени айтылды. 9 ай ичинде талапка жооп бербеген 104 автомектептин иши токтотулуп, 26сы жабылды.
Кыргызстанда учурда айдоочулукка окутуучу 239 мекеме иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

