Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Түркмөнстанга учуп кетти
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Түркмөнстанга учуп кетти. Кыргызстандык министр 2-4-декабрь күндөрү Ашхабад шаарында болуп, Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун ачылышына катыша турганын министрликтен билдиришти. Мындан тышкары ал Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Иран, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Омандын транспорт министрлеринин эл аралык жолугушуусуна катышмакчы. Султанов Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тармактык министрлеринин кезектеги жыйынына катышары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

