Аргентинада көчөлөргө Лионель Месси, Анхель ди Мария сыяктуу футболчулардын ысымы берилди

Аргентинанын Эль Чанар шаарында бир катар көчөлөрдүн аталышы өзгөрүп, улуттук курама команданын футболчуларынын ысымын алып калды. Айрым көчөлөр Лионель Мессинин, Анхель ди Мариянын, Хавьер Маскеранонун жана Гонсало Игуаиндин ысымын алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул чечимдер Аргентина курамасы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган соң кабыл алынган. Көптөгөн жашоочулар бул жакшы белги экенин айтып, жаштар кумир туткан дагы башка футболчулардын ысымын көчөлөргө берүү сунушун айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.