Беларусь жана Польшадан келген дарыгерлер Бишкекте угуусу начар 300 баланы текшерүүдөн өткөрүшөт
Бишкекте Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борборунда 2-февралда “Балдардын угуусунун начарлашы тууралуу орчундуу маселелер” аттуу эл аралык конференция өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Польша жана Беларусь өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу медицина кызматкерлери келишет. Конференциянын жыйынтыгында 3 мамлекеттин кызматкерлери ушул жылда болчу Дүйнөлүк конгрессте окула турган баяндаманы даярдашат. Ошондой эле аталган кызматкерлер Кыргызстандагы 300гө жакын угуусу начар балдарды текшерүүдөн өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

