super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ички мигранттардын балдарына социалдык жактан кам көрүүнү демилгелешти

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2-декабрдагы отурумунда ички мигранттардын балдарынын социалдык тейлөөлөрдөн пайдалануусу жөнүндө маселе каралды. Демилгечи депутат Ыргал Кадыралиева баяндама жасап, бир жыл бою тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштарга жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Депутаттын айтымында, шаардык таштандылар тарапка жакын жайгашкан конуштардагы абал дагы тыкыр иликтенип чыккан. "Ошол жерден 15-30 чакырым алыс аралыкта жашап жаткан үй-бүлөлөр бар. Ал тургай ичүүчү таза сууга жетпеген үй-бүлөлөр гана эмес, бүтүндөй бир конуштарды жолуктурдук",- дейт Кадыралиева.

Депутаттын билдиришинче, Бишкек шаарынын тегерегиндеги 11 жаңы конуштагы кыдырууларда 2013-жылы 1,5 миң баланын документ албагандыгы аныкталган. Алардын 800ү таптакыр документ алган эмес болсо, ал эми 700ү алган документтерин жоготуп жиберишкен. 

Комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттардын балдары ал жердеги мектептерге барышын камсыздоодо өкмөт натыйжалуу иш жүргүзүп жаткандыгын айтып, ал эми ички миграцияга келгенде ишти жөндөй албай жатканын билдирди.

Талкуунун соңунда комитет ички мигранттардын балдарынын социалдык тейлөөлөрдөн пайдалануусу боюнча өкмөткө бир катар тапшырмаларды берүү чечимин кабыл алды. Анын аткарылышы тууралуу маалыматты тармактык комитет 3 айдан кийин кайрадан уга турган болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: