super.kg logo

Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда вице-мэр менен депутаттык комиссиянын башчысынын ортосунда пикир келишпестик чыкты

 

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда вице-мэр Марс Саккараев менен Турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча депутаттык комиссиянын башчысы Павел Десятниковдун ортосунда пикир келишпестик чыкты. Мунун себеби Бишкек автотранспорт ишканасына быйыл мунайдын кымбатташына байланыштуу 11 миллион сом бөлүп берүү маселеси болду.

П.Десятниковдун айтымында, аталган ишкананын жетекчилиги бүгүнкү комиссиянын отурумуна толук даярданып келген жок. Ал иш-чаранын жүрүшүндө бул ишкананын кирешелерин жана чыгашаларын эсептеп чыгып, аталган акча каражатты бөлүп берүүнүн кереги жок деген пикирин айтты. Буга вице-мэр М.Саккараев каршы чыкты. "Бишкек автотранспорт ишканасы дотациялык мекеме. Ал акча каражатка муктаж. Бул жерде сиздин калькулятор менен эсептеп эле чечимге келүүңүз туура эмес. Адистерди жөнөтүп, ишканада аудит жүргүзүү зарыл. Эгер суралган каражат бөлүнбөсө, автобустар токтоп калышы мүмкүн",- деп жооп берди депутатка вице-мэр.

Отурумдун жыйынтыгында депутаттык комиссия бул маселени кийинки отурумда караштыруу боюнча чечимди бир добуштан колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: