super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 3-декабрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 3-декабрда саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарындагы Жамгырчиев, Месарош, Дэн Сяопин, Короткий, Средняя, Садыгалиев, Монгольская, Ленская, Фучик, Кустанайский көчөлөрүндө жана Тынчтык чоң көчөсүндөгү №30, 32-көп кабаттуу үйлөрдө №1936, 712, 94, 521, 1643-трансформаторлорундагы профилактикалык иштерге байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Ошондой эле “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу Манасчы Сагымбай, Токтогул, Осмонкул, Шүкүров, Каралаев, Элебаев, Суванбердиев көчөлөрүндө, Неженский, Чернышевский, Анарчинский тар көчөлөрүндө, Пишпек, Январь, Интергельпо, Дмитров, Литвинов, Тираспольская, Сарыкулаков, Стадионная, Краснофлотская, Средняя, Кайназарова, Патрис Лумумба көчөлөрүндө, Чүй чоң көчөсүндө жана Гатчинский тар көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта (Суворов, Олимпийская, Ломоносов, Первомайская, Агрономическая, Оборонная, Комсомольская көч.) шаарында, Москва районуна караштуу Беш-Күрөк, Александровка (түндүк бөлүгү), Петровка (“Городок” тарап)  айылдарында, Чүй районуна караштуу Кара-Ой, Совет, Дөң-Арык айылдарында электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайында профилактика откорбой ТОРТ жеп журушконбу не?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: