super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева "Бишкектин мектептерин нормативдик каржылоо принцибине өткөрүү иши кечигип жатат" деди

 

Бүгүн, 2-декабрда өкмөттө Бишкек шаарында нормативдик каржылоону киргизүү макамы боюнча жыйын өтүп, анда мэриянын мектептерди нормативдик каржылоого өткөрүү чечимин аткаруусу боюнча маалыматы угулду.

Жыйында вице-премьер-министр Эльвира Сариева борбордук бийлик мектептердин каржылык көз карандысыздыгын камсыздоочу Бишкек шаарынын мектептерин нормативдик каржылоо принцибине өткөрүү тууралуу өкмөттүн чечимин аткарууну кечиктирип жатканын билдирди. Аталган чечим Бишкек шаардык кеңешинин чечими аркылуу да колдоого алынган, бирок шаардык мэрия ишти кечиктирип жатат.

“Мектептик билим берүү тутумун каржылоо механизми бүтүндөй республика боюнча бирдей болууга тийиш. Бүгүнкү күндө нормативдик каржылоо тутуму борбор шаарыбызда гана киргизилген эмес. Натыйжада борбордук мектептер каржылык көз карандысыздыкка ээ болбостон, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылууда",- дейт вице-премьер.

Кеңешме жыйынтыгында, өкмөттүн токтомуна ылайык, борбордо нормативдик каржылоого өтүү процессин тездетүү чечими кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: