Адам укуктарын коргоо жаатында 11-декабрда "өкмөттүк күн" өткөрүү сунушталууда
Кыргызстанда адам укуктарын коргоо жаатында 11-декабрда парламентте "өкмөттүк күн" өткөрүү сунушталууда. Демилгени Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко көтөргөнүн бүгүн, 2-декабрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. "Өкмөттүк күндүн" жыйынына тийиштүү министрликтер менен мекемелердин, коомчулуктун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Анда аталган маселе боюнча орчундуу делген көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

