Жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн 14 күн кылуу демилгеси тийиштүү комитеттен 2-окуудан өттү
Кыргызстанда мындан ары мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде милдеттүү түрдө жооп берүүгө өтүшү мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында каралып, 2-окууда колдоого алынды. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралган, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Бул эки башка норманы бириктирүү үчүн "кайрылууларга 14 иш күндүк мөөнөттө жооп берилиши керек" деген жобо киргизилүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

